Моңгол тилдери – моңгол элдеринин тили. 14–16-кылым ченде (Чыңгызхан негиздеген империянын кулашы менен) байыркы моңгол уруулары үчүн орток болгон моңгол тилинин диалектилеринен куралган Моңгол тилдери мына булар: түндүк моңгол – сингармониялык тилдер (к. Сингармонизм) – халха-моңгол тили, бурят, калмак, ойрот тилдери; түштүк-чыгыш – сингармониялык эмес тилдер – дагур (Түн.-Чыгыш Кытайда), дунсян, монгор, баоань (Цинхай, Ганьсу провинциясы; баары жазмасыз); арабөк тилдер – жазмалуу байыркы моңгол жазма тили, моңгол тили. Улуттук бирдиктүү мамлекети түзүлгөнгө чейин моңголдор өнүккөн адабий тилге жана жазууга ээ болгон эмес. 16–17-кылымда моңголдордун мамлекеттүүлүгүнүн бүлүнүшү ошол эле моңгол тилинин жок болуп кетүү коркунучуна алып келген эмес. Анткени ошол мезгилде түндүкменен түштүктүн маданий байланышына жана тилдик карым-катнашына каражат катары кызмат кылган анын адабий формасы калыптанып калган эле. Булардан кыйла изилденип калгандары – моңгол, бурят жана калмак тилдери.

Колдонулган адабияттар түзөтүү