Мубара Абдилатипова - Ноокен районунун Ноокен айылында 1956-жылы 3-октябрда туулган. Жазуучу жана журналист. 1974-жылы Ош облусунун Коминтерн айылындагы он жылдык мектепти аяктаган. Эмгек жолун 1976-жылы Ноокен райондук «Ленинчил» гезитинде катчы-машинистка болуп иштөөдөн баштаган. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин журналистика факультетин аяктап, «Ленинчил» гезитинде корректор, кабарчы, редактордун орун басары болуп ишин уланткан. 1988-жылдан Ош облустук тарыхый-маданий музейинде кенже, улук илимий кызматкер, 1989-жылдан Араван райондук «Достук» гезитинде бөлүм башчы, жооптуу катчы, 1991-жылдан Жалал-Абад облустук «Акыйкат жарчысы» гезиттеринде кабарчы, «Эркин эл» аймактык гезитинде бөлүм башчы, редактордун орун басары болуп иштеген. Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясында 17 жыл бөлүм башчы, продюсердик борбордун директору, башкы редактор, коммерциялык дирекциянын директору кызматтарын аткарып, 2008-жылдын август айынан ЭлТР коомдук телерадио компаниясынын Жалал-Абад облусундагы филиалын жетектеп келет. Анын аңгемелери райондук, облустук гезиттерде, республикалык альманахтарда басылып, өз алдынча китеп болуп чыккан. Анын редакциясы астында «Тасма таржымалдары» китеби жарык көргөн. Республикалык таза суу департаменти менен айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин, республикалык ишкер аялдарды колдоо ассоциациясынын, ЮНИФЕМдин, Интерньюстун, Кыргызстан аялдар конгрессинин, Сорос-Кыргызстан фондусунун, “Кыргыз телерадиокорпорациясынын отличниги” болуп, диплом жана Ардак грамоталары менен сыйланган. 2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

  • Акчабайдын уулу: Документалдуу повесть. – Жалал-Абад, 1997. – 34 б.
  • Инсан: Документалдуу повесть. – Жалал-Абад, 1997. – 52 б.
  • Жалал-Абаддын асылзаада айымдары. – Б.: Бийиктик, 2007.
  • Каректеги нур. – Б.: Бийиктик, 2008.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары / 2-том. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) – Б.: 2011. – б. Түзүүчүлөр: А.Чекиров, Ө.Калыева.