Мувашшах (ар. – зыйнатталган) – Чыгыш поэзиясындагы жанр. Төрттөн он сапка чейинки ыр болот да, биринчи эки бейт өз ара уйкашат, алардын уйкашын акыркы бейт кайталайт. Негиз салуучусу Испанияда 9–10-кылымдарда жашаган араб акыны Мукаддам ибн Мувафа болгон, ошондой эле айрым учурда акро ыр сыяктуу башкы тамгалары автордун ысымын же псевдонимин да көргөзгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004