Мужоосу (арабча мажуси; иранча маг. — сотко табынуу) — Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана Алмамбеттин айтканы боюнча Манас Кенжут шаарындагы Айган канга казат кылган окуяда эскерилет, алар «Мужоосу динде калышкан» эл (Кол жазмалар фондусу, Сагымбай Орозбаков, 1794-инв., 2-б.) катары айтылат. Мажуси (мужоосу) Орто Азия менен Иранда ислам дини тараганга чейинки отко сыйынган (отпарас) дин. Сагымбай Орозбак уулу бул түшүнүктү чыгыш адабияттарынын таасири боюнча кабыл алып, айткан болуш керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4