Музоокана
Музоокана - музоо багылуучу жай. Музоокана өзүнчө же уйкананын жанына курулат. Ири сүт-товар фермаларында Музоокана туут бөлмөсү менен бирге салынат.
Музооканада туут бөлмөсү, профилакторийи, 15 күндөн 3 айга жана 3 айдан 6 айга чейинки музоо багылуучу бөлмөлөрү бар. Ар бир бөлмөнүн эшиги өзүнчө болот. Ал эми 6 айдан жогорку музоолор учун белок жай курулат. Музоокананын ичи таза, кургак, жарык, жылуу болууга тийиш. Желдеткич орнотулуп, асты тактайланат. Жаш (10—15 кунге чейинки) музоолор ар бири айрым капасте, профилакторийде багылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.