Музтоо, айсберг - океан, деңиздерде, мөңгүгө жакын жайгашкан көлдөрдө калкып жүргөн же алардын тайыз жерлерине токтоп калган зор муз сыныктары.

Айсберг адатта материктик же шельфтик муздуктардан (мис., Антарктидадагы, Канадалык Арктика архипелагынын түндүк бөлүгүндөгү шельф муздуктарынан, Гренландия, Шипцбергден, Франц Иосиф жери, Түндүк Жер ж. б. жерлердеги муздуктардан) омурулуп бөлүнүшүнөн пайда болот.

Негизги тулкусу (көлөмүнүн 90%тейи) суу астында калып, калган бөлүгү суу бетинен 70- 100 мге чыгып турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2