Музыкалык мектеп – Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин карамагындагы кесиптик жана жалпы музыкалык таалим-тарбия берүүчү мектептен тышкаркы окуу жайы. Музыкалык мектеп - балдарга жалпы 7 жылдык, башталгыч музыкалык таалим-тарбия берет жана ошондой эле таланттуу балдарды - консерваторияга даярдайт. 7 жылдык музыкалык мектептин окуучулары бир эле мезгилде жалпы билим берүүчү мектептерде да окушат. Музыкалык мектепте окугандар туура ырдаганды, ошол эле учурда музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнө алышат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004