Муз аянт – коньки тебүүгө жана хоккей оюнуна ылайыкталган муз тоңдурулган аянт. Пайдаланылышы боюнча муз аянты спорттук жана массалык болуп бөлүнөт. Спорттук муз аянтында сабак өтүлөт жана конькиде тез чуркоо, хоккей оюну, фигуралык муз тебүү боюнча мелдеш өткөрүлөт. Массалык муз аянт – активдүү эс алуу жайы. Жасалышына жараша муз аянт үчкө бөлүнөт: табигый, куйма жана жасалма. Муз аянт катары өзөндү, көлмөнү, көлдү да пайдаланууга болот. Муз аянтындагы муздун калыңдыгы 16 смден кем болбоого тийиш. Тегиз аянтка, спорт талаасына, стадионго суу тоңдуруп да муз аянт жасалат. Мындай жасалма муз аянт Алматыдагы Медөөдө курулган. Бул жерде көптөгөн дүйнөлүк жана улуттук мелдештер өтүп келгенетикалыкБүгүнкү күндө Кыргызстанда дагы (Бишкек шаары, Каракол шаары жана башкалар) фигуралык муз тебүү, хоккей оюндары үчүн муз аянттары бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү