Муз даярдоо
Муз даярдоо - табигый суукту же муздаткыч машинаны пайдаланып, суудан муз алуу.
Муз даярдоонун эң жөнөкөй жолу — агын суулардан, көлдөрдөн, көлчөлөрдөн тоңгон музду алуу.
Тоңдурула турган суу ал кабаттарга түтүк же суу чачкыч менен чачылып, муз балка же муз жаргыч машина менен алынат. Алына элек муз жайкысын жылуулук өткөрбөөчү материал менен жабылат. Музду жүктөөдө автожүктөгүч, конвейер ж. б. колдонулат. Пайдаланыла турган муздун көбү муздаткыч машинанын жардамы менен муз заводунда даярдалат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.