Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 15 киши.

Оюн муз болгон арык, көлчөдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар конкилерин буттарына кийишип, бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден бир аз күүлөнүшүп жүгүрүшүп келишкенден кийин, белгиленген сызыктан түртүшүп алыстыкка тайгаланып барган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Музда жарышуу, музда жүгүрүшүү.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, муз калың болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ылдамдыкка тарбияланат, тең салмакты сактоого, чечкиндүүлүккө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү