Муканов Сабит Муканович (22. 4. 1900, азыркы Түндүк Казакстан облусу, Жамбыл району, Сабит Муканов атындагы айылы – 18. 4. 1973, Алматы) – казак жазуучусу, коомдук ишмер, казак ад-тын негиздегендерден. Казак ССР ИАнын академиги (1954). Айылдык молдодон кат тааныган. 1918– 19-жылы Омск мугалимдер курсунда окуган. Оренбургдагы жумушчулар факультетин бүтүп (1926), басма сөздө иштеген. 1928-жылы Ленинград университетинин филология ф-тинде, 1933–35-жылы Москвадагы Кызыл профессура институтунун адабият бөлүмүнөн окуган. Муканов туңгуч поэтикалык чыгармалары («Көңүлүм», 1917; «Боштондук», 1919) менен казак адтына совет заманынын жарчысы катары кирген. М-дун «Табышмактуу желек» (1938) романы, «Ак аюу» (1935) поэмасы, «Майга салам» (1933), «Сөз – Советтик армия» (1934) аттуу ырлары казак ад-тынын өнүгүшүндөгү маанилүү чыгармалардан. «Темир-таш» (1935), «Ботогөз» (1938) романдары менен «Достор» (1937) повести реалист романчы катары тааныткан. «Ботогөздө» казак элинин турмушундагы революциялык кезең чебер сүрөттөлсө, «Сыр-Дарыя» (1947–48) романында Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде оорукта эмгектенген калктын кажыбас кайраты реалдуу көрсөтүлөт. Муканов – казак элинин жарым кылымдык тарыхын баяндаган «Өмүр мектеби» (1949–53; Абай Кунанбаев атындагы Казак ССР мамлекеттиксыйл., 1967), Ч. Валиханов жөнүндөгү «Өчкөн жылдыз» аттуу таржымал үчилтигинин жана «Сакен Сейфуллин», «Чокан Валиханов» деген пьесалардын автору. Анын казак адабияты менен көркөм сынынын түйүндүү маселелери жөнүндө 200дөн ашык адабий-сын макаласы бар. Эки Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Сабит Муканулы 1960 жыл
1960 жылгы сүрөт

Колдонулган адабияттар түзөтүү