Муканов Табылды (1946-1983) - акын, журналист. Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында 1946-жылы 17- Январда туулган.

1965-жылы Ак-Суу районундагы орто мектепти аяктап, 1965-1970-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинен билим алган.

Эмгек жолун «Кыргызстан Пионери» гезитинде иштөө менен баштап, «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз туусу»), 1976-1980-жж. «Мугалимдер гезити» гезитте-ринде эмгектенген. 1983-жылы оорудан көз жумган.

1962-жылы «Жамгырдан кийин» аттуу алгачкы ыры «Жаш Ленинчи» журналына басылган. Макалалары, очерктери республикалык гезит-журналдарда жарык көргөн.

1988-жылы «Жан дүйнө» ыр жыйнагы Кыргызстан үчүн Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Шуру жоготкон кыз: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1973. - 15 б.

Каректеги жер: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1976. - 52 б.

Жүрөктүн кагышы: Ырлар. - Ф.: Мектеп, 1980. - 68 б.

Жан дүйнө: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1986. - 156 б.

Арчадай жашыл элем: Каттар, эскерүүлөр, ырлар. - Б.: Бийиктик, 2002. - 346 б.


Орус тилинде түзөтүү

Перевал: в кн.: Молодая поэзия Кыргызстана. - Ф.: Кыргызстан, 1985. - 88 с.


Колдонулган адабияттар түзөтүү