Мукашев Мукамбет Шарипович

Мукашев Мукамбет Шарипович [1. 9. 1946-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Пржевальск (азыркы Каракол) шаары] – медицина илимдерининдоктору (1999), профессор (2001). КММИни бүтүргөн (1971). 1972–75-жылы Москвада аспирантурада окуган. КММИнин сот медицинасы кафедрасында ассистент (1975–84), КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин сот-медицина экспертиза бюросунун бөлүм башчысы (1984–91). 1991–2000-жылдары КММАда сот медицинасы кафедрасынын башчысы, 2000-жылдан КРСУ жана КУУда профессор Сот медицинасы боюнча адис. 150дөй илимий эмгеги, а. и. 1 монография, 14 окуу куралы бар. Эмгектери: Морфо-функциональные изменения регионарных лимфатических узлов сердца и судебно-медицинская экспертиза острой ишемии миокарда и алкогольный интоксикации (в соавторстве). Б., 1997; Процессуальные и методические основы судебно-медицинской экспертизы живых лиц. Б. 1999.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү