Мультитач (англ. multi-touch) — Сенсордук экранда бир канча басууларды белгилеп, ага реакция кылуучу функция. Англис тилинен которгондо “көп жолу тийүү” (multi-touch) деген маанини камтыйт. Башкача айтканда, 2-3 манжаңыз менен сенсордук экранда бир эле убакытта иштей аласыз. Муну менен экранды каалаган жакка айлантуу, сүрөттүн масштабын өзгөртүп алуу жана башка функцияларды аткарууга мүмкүн. Мультитач-экрандар аркылуу бир эле убакытта бир канча колдонуучулар менен иштесе да болот. Ошондой эле ага ылайыкталган атайын оюндар чыгарылган. Учурда бул функция көпчүлүк тачпад, электрондук китеп жана смартфондордо колдонулууда.

Multitouch-Сенсордук экранда бир канча басууларды белгилеп, ага реакция кылуучу функция