Мунай-газ кендери ― түзүлүшү боюнчабирибиринен айырмаланган, чөкмө тектердин арасына топтолгон мунай менен газдын чогундусу. Көмүртектүү органикалык заттар борпоң тектердин арасына сиңип, өз алдынча топтолот да, ар кандай өлчөмдөгү, чоңдуктагы бассейндерди пайда кылат. Газ мунай менен бирге эринди түрдө топтолот. Мунайлуу кабаттардын астынкы же үстүнкү бөлүгүнө жыйналат. Дүйнө жүзүндөгү 28 миң мунай кендеринин 15–20%ин мунай-газ кендери түзөт. Ири кендери Кытай, Польша, Венгрияда, Түштүк-Батыш Азия өлкөлөрүндө, Түштүк жана Батыш Африкада, Америкада, Каспий деңизинин жээктеринде, Краснодар крайында, Тиман-Печора аймагында, Сахалин жарым аралында кездешет. 1941– 45-жылы Волга-Урал, 1950–60-жылы Батыш Сибирь ири мунай-газ аймактары белгилүү болгон. Кийинки кездерде ири кендери Батыш Түркмөнстанда, Улуу Британияда, Норвегияда, Данияда жана башка жерлерде белгилүү болду. Кыргызстандын аймагында нмунай-газ кендери Баткен, Жалал-Абад, Ош облусунда кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү