Мунай казып алуу – чөкмө тектердин катмарларынан орун алган суюк заттар (мунай, суу) мененкүйүүчү газдарды бургулоо көзөнөктөрү аркылуу жер бетине чыгаруу иштери. Бул процесс мунай кени кездешкен аймакка бургулоо иштерин жүргүзүү, анын иштөө режимин түзүү, катмардагы суюктуктар менен газды кыймыл-аракетке келтирүү жолдору менен башкарылат. Мунайдын өлчөмүн, өзгөрүшүн, мунай өндүрүү коэффициенти, капиталдык салымдарды, наркын аныктоо системасы колдонулат. Долбоорлоо иштери жүргүзүлөт. Чалгындоо кезиндеги геологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары эске алынат. Геологиялык түзүлүшү, чөкмө тектердин нефть топтоо жөндөмдүүлүгү (көзөнөктүүлүгү, суу өткөргүчтүгү, курамынын бир түрдүүлүгү) суюктуктар менен газдардын физикалык касиеттери (тыгыздыгы, илешкектиги, эригичтиги), катмарлардын сыйымдуулугу, басымы, температурасы такталат. Гидродинамикалык эсептөөлөрдүн негизинде техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү аныкталат. Казып алуу системалары тандалат. Скважиналардын аралыктары 400–800 м болот. Кендин аз-көбүнө жараша бир эле убакта ондогон, миңдеген скважиналар ишке киргизилет. Эгерде мунай жер бетине жакын орун алса, шахта жолу менен казылып алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү