Мунай суулары ― мунай менен бирге кездешүүчү жер астындагы суулар. Орун алышы жана мунайлуу кабаттардын өз ара байланыштары боюнча төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: четки (кендин астындагы), төмөнкү (кабаттын таманындагы), үстүнкү (кабаттын үстүндөгү), байланышкан суу (капиллярдуу түтүкчөлөрдөгү суулар), жасалма жол менен атайын жиберилген суулар (мунай казып алып жатканда басымын бир калыпта кармап туруу үчүн атайын киргизилген суулар). Четки жана төмөнкү суулар иондук курамы боюнча хлориддүү же гидрокарбонатхлориддүү, кальций-натрийлүү же натрийлүү, аз сульфаттуу же сульфатсыз болот. Минералдашуу даражасы боюнча туздуу, шордуу келет. Курамындагы газдарга карата метандуу, азот-метандуу болот. Айрым учурда четки жана төмөнкү суулар көп санда минералдашып, метан, бензол, аммоний сыяктуу газдардан турат. Мунай сууларын изилдөө нефть кендерин издөөдө, чалгындоодо, өндүрүп алууда зор мааниге ээ. Мунай суулары минералдык суу катары, ошондой эле йод, бром, бор, радий, барий, стронций жана башка баалуу заттарды бөлүп алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү