Мунара, мунар (арабча мэначэ) — атайын салынган бийик курулуш, башына чыга турган тепкичтери сыртына же ичине салынат. «Манас» эпосунда эки мааниде колдонулат. Жоокердик доорлордо коргонуу, кароол максатында курулган. Эпосто ушул мааниде көп жолугат. Мисалы, «Тал түбүндө мунара Мунарага жүгүрүп, Чыга калып караса» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 141). Ал эми Эсенкандын Бээжинге курдурган М-сы төмөнкүчө сүрөттөлөт: Эсенкандын алдында Кароолго чыкчу мунара, Мунара жайын сураба. Токсон миң кулач бийиги (Саякбай Каралаев, 1.40). Башка бир учурда мечиттин азан чакырыла турган бийик жайы да М. деп аталат: Өзү чыгып мунарга Күн батышты бет алып Алда деп колун көтөрүп Азан айтып турганда (Саякбай Каралаев, 2.169).

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4