Мунаркан — эпизоддук кейипкер. Кошойдун кайын атасы. Манас менен согушуп жеңилген эпикалык душман кандарынын бири. «Алтымыш миң кол менен, Мунаркан келди буркурап, Мурун душман, азыр эл, Жаа алдалап чуркурап» (Сагымбай Орозбаков, 2.30). Аскер башчысы катары Манас менен казаттарга катышат. Ошондой эле эпосто М. дайыма Манас кеңешке чакырган каарман катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2.40, 63,143).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4