Мундузбаева Жыргал (8. 3. 1935-жылы туулган, азыркы Чүй облусу, Аламүдүн району, Кой-Таш кыштагы) – саанчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966), Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устаты (1974). СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1984). 1958-жылдан Аламүдүн районундагы Стрельникова атындагы асыл тукум заводунун саанчысы болуп иштеген. Ал 1965-жылы өзүнө бекитилип берилген 20 уйдун ар биринен 4624 кгдан сүт саап алган. 1967–71-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү