Мурадова Сона - (1914—1997) —түркмөн совет актёру, СССР эл арт. (1955).

  • 1940-жылдан КПСС мүчөсү.
  • 1931-ж. Ашхабад педтехникумун бүтүрүп, мугалим болуп иштеген.
  • 1934-жылдан Молланепес атн. Туркмен драма театрынын группасында актёр (1955—60-ж. анын дирек­тору).
  • Мурадова каармандын сезимин ток-тоолук менен ачып, ага күчтүү темпераментти, эмоцпялуулукту айкалыштыра алган чебер.
  • Көрүнүктуү ролдору: Акнабат (Б. Кербабаев, «Чечүүчү кадам»), Бике (Г. Мухтаров, «Алландып үй-бүлөсү»; СССР мамл. сыйл., 1951), Огыл Бостан (К. Бурунов жа­ра Б. Аманов, «Кёймир-Кёр»), Эми­лия (У. Шекспир, «Отелло»), Васса (М. Горький, «Васса Железнова») ж. б. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.