Мураталиев Акылбек (1957-ж. -т., Жети-Өгүз району, Аң-Өстөн айылы) — артист, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1988).
1979-ж. М. С. Шепкин атындагы Москва театр окуу жайын бүткөн. Ошол жылдан Кыргыз мамлекеттик академия драма театрында иштейт. Ал ар кандай жанрдагы, башкача айтканда комедиялык жана трагедиялык ролдорду ойнойт.
Театрдагы ролдору: Шермат, Дадый, Ажал (Б. Жакиев, «Күттүргөн жаз да келээр», «Ашырбай», «Саадак какты»), Бекзат (М. Касенов, «Алда жаш жубайлар ай»), Байназар (Ж. Абдыкадыров, «Олжобай менен Кишимжан»), Вандолино (Лопе де Вега, «Бий мугалими»); Лопахин (А. Чехов, «Алчалуу бак»), Бекингем (В. Шекспир, «Ричард III»), Кошевой (А. Фадеев, «Жаш гвардия»).
Ал ар кандай студиянын кинофильмдеринде тартылган: Станция начальниги (реж. Д. Светозаров, «Мундирсиз»), Керимбай (Г. Николаевом), «Токтогул»), Шаман, Кытай элчиси (Кен Анакен, «Чыңгызхан») жана башка.

Мураталиев Акылбек

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж. ЗАБЕРИТЕ ПОЖАЛУЙСТА МЕНЯ ОТСЮДА

Айрым шилтемелер түзөтүү

Акылбек Мураталиев, Кыргыз эл артисти:"Эгер сүйүп калдым деп айтууга эрки жетсе, ойлонуп көрөм" Archived 2011-08-23 at the Wayback Machine
“Манас” жүрүшү: жол узак, талкуу көп