Мураталиев Андаш Биахметович

Мураталиев Андаш Биахметович (1. 5. 1961-ж. туулган, Москва району, Сретенка кыштагы) - милициянын полковниги, милициянын отличниги жана жетекчи кызматкер.

  • Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономика (1982) жана ошол эле окуу жайдын юридика факультеттерин бүтүргөн (1996).
  • Эмгек жолун 1983-ж. Суусамыр айылдык керек-жарак коомунда сатуучу болуп баштаган.
  • «Кызыл-Ой» совхозунда улук прораб (1984-90), Коммуналдык министрликте жабдуучу, «Импульс» кооперациясында башкы бухгалтер, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө (1990-97), ОБХССте оперуполномочен, Панфилов райондук ички иштер бөлүмүндө ОБЭПтин начальниги, Ош облусунда ОБЭПКте улук инспектор (1997-98), КР ИИМинин оперативдүү тергөө бөлүмүндө оперуполномочен (1998-2000), Суусамырда ПОМдун начальниги (2000-03), КР ИИМинин УОБунда инспектор (2003-06), улук инспектор болуп эмгектенген.
  • Ысык-Көл облусунун Тоң РИБисинин начальниги (2006-07), 2007-жылдан Ысык-Көл облусунун ИИБсинде начальниктин орун басары.
  • 2005-ж. «Милициянын отличниги» наамын алган.
  • Кыргыз милициясына 80 жыл юбилейлик (2005) жана II даражадагы «Азамат» медалдары менен сыйланган.
  • 2007-ж. ИИМинин Ысык-Көл облустук администрациясынын ардак грамоталарын алган.
  • 2008-ж. «Жылдын адамы» номинациясына ээ болгон.
  • 2009-жылдан Тоң райондук ИИБнин начальниги.
  • Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9