Мураталин, Искендер Садыкович

Мураталин Искендер Садыкович (24.1.1935-ж. т., Чүй району, Каны-Чек айылы) — Кыргызстан КП Нарын обкомунун 1-катчысы (1985—88). 1958-ж. К. А. Тимирязев атындагы айыл чарба академиясын бүткөн.
1958—61-ж. Талас районундагы 113-жылкы заводунда башкы агроном, 1961-жылдан жашылча совхоздор трестинин башкы агроному, Министрлер Советинде улук референт.
1962-жылдан Кыргыз айыл чарба институтунун окуу-тажрыйба чарбасынын директору, 1971—75-ж. Киров райаткомунун төрагасы, 1975-жылдан партиянын Киров райондук комитетинин 1-катчысы, 1979-жылдан Кыргызстан КП БКнын айыл чарба бөлүмүнүн башчысы, 1988—96-ж. Кыргыз Республикасынын табиятты коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген агроному (1985). СССР Жогорку Советинин (1984—89), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3 жолку депутаты (1975—95). Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу, 2 "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Мураталин Искендер

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.