Мурзабаев Асан (Асаналы) (1.2.1942-ж. т., Кочкор району, Кара-Күңгөй айылы) — композитор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1991).
1949—59-ж. балдар үйүндө тарбияланган. 1959-ж. Токмоктогу республикалык маданий-агартуу окуу жайын, 1965-ж. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, 1972-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүткөн.
1965— 67-ж. балдардын музыкалык мектебинде педагог, 1981-жылдан искусство институтунда улук окутуучу, азыр консерваториянын доценти. Асан ырдан операга чейинки чыгармаларды жазды: "Ормон менен Балбай", "Беш улак" опералары, симфониялык оркестр үчүн 4 увертюра, 4 симфониясы, "Токтогул менен Калык" ораториясы, 10 бөлүктөн турган реквием, "Керемет" кантатасы, 2 аваздык, 3 фортепианолук түрмөк, ар кыл аспаптар үчүн концерттери, аваздык-симфониялык поэмалары, одасы, камералык-аспаптык квартеттери, сонаталары, баллада, ырлары, хорлору, романстары жана башка.

Мурзабаев Асан

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Атай, Муса, Рыспай ким да, А.Мурзабаев деген ким?(жеткиликсиз шилтеме)
"Классикалык чыгармалар бааланбай калды" Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.