Мурзаев Эдуард Макарович

Мурзаев Эдуард Макарович [19. 5(1. 6). 1908, Симферополь – 1. 8. 1998, Москва; сөөгү Новодонск көрүстөнүнө коюлган] – физикалык географ жана топонимист, география илиминин доктору (1949), профессор (1966), РСФСРдин илимине эмгек сиңирген ишмер (1970). Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн. СССР ИАнын География институтунда иштеген (1931жылдан). О. Азия, Борбордук Азия, МЭР жана Вьетнамга болгон экспедицияларга катышкан. Анын эмгектери кургак ландшафттардын өөрчүү тарыхы, өлкө таануу, географиялык аталыштардын пайда болушу, улуттук географиялык терминдер жана Азияны географиялык изилдөөнүн тарыхы жана башкалар. маселелерге арналган. Анын эмгектеринде О. Азиянын, өзгөчө Кыргызстандын табияты, географиялык терминдери орчундуу орунду ээлейт. Германия табият сыноочуларынын «Леопольдина» академиясынын академиги (1961), Моңголия ИАнын ардактуу профессор (1961), СССР мамлекеттик(1951), СССР ИАнын президиумунун В. А. Обручев атындагы (1963) сыйлыктын лауреаты. Н. М. Пржевальский (1947) жана А. Гумбольдт атындагы (1959) алтын медалдар ыйгарылган. Эки орден жана медалдар, ошондой эле Моңголиянын «Уюл жылдызы» ордени менен сыйланган. КР УИАнын Теңир-Тоо бийик тоолуу физикалык-география станциясын (1948) түптөгөндөрдүн бири. Эмгектери: К географической терминологии и номенклатуре киргизов Тянь-Шаня. Л., 1940; Монгольская Народная Республика. Физико-географическое описание. 2-е изд. М., 1952; Северо-Восточный Китай. Физико-географическое описание. М., 1955; Средняя Азия. Физико-географический очерк. М., 1957; 1961; Словарь местных географических терминов. М., 1959 (соавтор); Средняя Азия. 3-е изд. М., 1961; Природа Синьцзяна и формирование пустынь Центральной Азии. М., 1966; История открытия и исследования Советской Азии, М., 1969 (соавтор); Годы исканий в Азии. М., 1973; Очерки топонимики. М., 1974; География в названиях. М., 1979; 1982; Тюркские географические названия. М., 1996; Словарь народных географических терминов. В 2-х т. М., 1984; 1999. Т. Эшенкулов.

Колдонулган адабияттар түзөтүү