Мури Франц - (21. 10. 1924-ж. т., Штирия. Штенрегг) — австрия жанa эл аралык жумушчу кыймылынын ишмери Шахтёрдун үй-бүлөсүнөн.

  • 1945-жылдан Австрия компартиясынын (АКП) мүчөсү.
  • 1945-ж. Австрия фашисттерден бошотулуп, АКП ачьш иштей баштагандан Дёйчландсбергде партиянын райкокомунун секретары.
  • 1946—48-ж. парт, мектептерде иштеген. 1949— 61-ж. АКПнин райкомдорунун секре­тары, 1954—61-ж. АКП БКга мүчөлүкко кандидат.
  • 1961-жылдан АКП БКнын жанa анын Саясий бюросунун мүчесү. 1965-ж. майдан АКПнин председатели, 1970-ж. июндан АКП БКнын Секретариатынын да мүчөсү.
  • Австриялык жанa эл аралык коммунисттик кыймылдын маселелери боюнча бир нече эмгек жазган.
  • Эл Достугу ордени менен сыйланган (1974).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.