МурсияИспаниядагы шаар. Европадагы табигый жибек өндүрүүнүн эң ири борбору. Мурсия АОсунун жана провинциясынын административдик борбору. Сегура дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 448,7 миң (2010). Кебез-кездеме, тамак-аш өнөр жайы ишканалары иштейт. Мотоцикл жана жардыруучу заттарды чыгарат. Цитрус өсүмдүктөрүн белендейт. Университет бар. Собор (14–16-кылым), чиркөө (16–17-кылым) сакталган. Шаар 825-жылы негизделген.

Мурсия.

Колдонулган адабияттар түзөтүү