Мусабаев Сатаркул Аскарович

Мусабаев Сатаркул Аскарович (25.3.1970-ж.т., Айгыр-Жал айылы) - коомдук ишмер, экономист.

Кыргыз айыл чарба институтун (1996), Кыргыз мамлекеттик университетин (2012) бүткөн. Советтик Армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн (1988-90).

  • 1987-88-жылдары Каныш-Кыя совхозунун №2 бөлүмүнүн жумушчусу,
  • 1990-92-жылдары Каныш-Кыя совхозунун №2 бөлүмүнүн эсептик бухгалтери,
  • 1992-93-жылдары Чаткал райондук керек-жарак коомунун бухгалтери,
  • 1993-94-жылдары райондук финансы бөлүмүнүн экономисти,
  • 1995-96-жылдары райондук экономика комитетинин баалар жана монополияга каршы, саясат бөлүмүнүн башчысы,
  • 1996-2003-жылдары райондук мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтери,
  • 2003-08-жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондусунун Чаткал району боюнча өкүлү,
  • 2008-13-жылдары Чаткал райондук кеңешинин төрагасы болуп иштеген.
  • 2013-жылдан Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы.
  • Мусабаев 1995-2007-ж. Чаткал райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6