Мусабаев Турдубек
Мусабаев Турдубек 1949-жылы Сузак районунун Кедей-Арык айылында туулган.
- 1966-жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектепти,
- 1971-жылы, Ош айыл чарба техникумунун агроном адистигин аяктаган.
- 1971-1975-жылдары Жалал-Абад шаарындагы №1 кесипчилик окуу жайында мастер,
- 1975-1990-жылдары Ош областтык адилет башкармалыгында сот аткаруучу,
- 1990-жылдан Ош шаардык салык кызматында инспектор, сектор башчы, бөлүм башчы кызматтарын аркалап эмгектенип келүүдө.
- Билимин өркүндөтүү максатында 1980-1984-жылдары Ош педагогикалык институтун,
- 1990-1992-жылдары Фрунзе финансы- кредит техникумун сырттан окуп бүтүргөн.
- 1988- жылы СССР Юстиция кызматкерлеринин борбордук профсоюз комитетинин “Ардак грамотасы”,
- 2007-жылы “Салык кызматынын 3-рангадагы кеңешчиси”,
- 2009-жылы “Салык кызматынын мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.
- 2013-жылдын 30-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы” менен сыйланып, Президент Алмазбек Атамбаевтин өз колунан алууга татыктуу болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3