Мусаев Самар

Мусаев, Самар‎»‎ барагынан багытталды)

Мусаев Самар (23. 2. 1927, азыркы Нарын облусу, Ат-Башы району, Казбек айылы – 8. 4. 2010, Бишкек) – «Манас» изилдөөчү, адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты (1962), КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер (2001), КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты (1998, 2000). 1949-жылы Фрунзедеги педагогика институтун бүтүргөн. 1949-жылдан ушул институтта окутуучу болуп иштеген. 1950-жылы эң алгач уюшулган кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, 1965–88-жылы Кыргыз ССР ИАнын Тил, адабият институтунда «Манас» секторунун башчысы, 1988-жылдан жетектөөчү илимий кызматкер, бөлүм башчы болуп өмүрүнүн акырына чейин эмгектенген. Мусаев көптөгөн окумуштуулардын «Манас» эпосуна арналган илимий макалаларынын кол жазмаларын чогултуп, иретке келтирип, «Манас» героический эпос киргизского народа» (1968) деген китепти басмага даярдаган, анын түзүүчүсү жана редактору болгон. 1968-жылы С. Каралаевден «Манас», «Семетей» эпосторун магнитофонго көчүрүп алууга катышкан. Анын «Эпос “Манас”» деген монографиясы 1979-жылы орус тилинде жарык көргөн. Ушул эле эмгек 1984-жылы, 1985-жылы орус, немис, англис тилдеринде бир китеп болуп жарык көргөн. 1986-жылы С. Орозбаков менен С. Каралаевдин варианттары боюнча «Манас» эпосунун 1-бөлүмүнүн кара сөз түрүндөгү баяндамасын жазып, жарыкка чыгарган. «Манас» энциклопедиясын чыгарууга жигердүү катышкан.

С. Мусаев жөнундө академик Абдылдажан Акматалиевдин 2014-жылкы жазуусунда: "Быйыл Самар Мусаевич 90 жашка чыкмак. Эми гана Самар агайдын жана биздин максатыбыз орундалып, Самар Мусаев тексттерди араб арибинен, түп нускадан окуп, түзүп, даярдаган улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун “Манас” эпосунун академиялык басылышы 9 китеп болуп жарыкка 2014-жылы, август айында чыккандыгын окурмандарга сүйүнчүлөйм. Аттиң, Самар агай кечээ, 1992-жылы алдыга койгон максаты бүгүн, жыйырма эки жылдан кийин гана орундалып, өмүр бою иштеген ишин бир колуна алып, көрбөй калганы кандай гана өкүнүчтүү! Самар Мусаевдин “Манаска” жасаган көптөгөн жалпы эмгеги жана өзгөчө Сагымбай Орозбаковдун академиялык басылышы кыргыз маданиятына кошкон чоң, түбөлүк салымы, эстелиги болуп эсептелет. “Манас” барда Самар Мусаев бар, анын жаркын элеси кыргыз тарыхында өлбөс-өчпөс болуп жазылуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш."

Колдонулган адабияттар түзөтүү