Мускаттуу мадлен — жүзүм сор­ту. Кыргызстан дыйканчылык илим изилдөө институнда Мадлен анжевин сортун Венгр мускаты менен кайчылаштыруу аркылуу чыгарган (автору Сосина Е. И.). Мускаттуу мадлен орто мөөнөттө бышып жетилет.

Жалбырагы 5 бурчтуу. Гүлү кош жыныстуу. Шиңгили 300—350 г, мөмөсү ири, тоголок, көк саргыл; даамдуу. Аида 19—21% кант бар. Вегетация мезгили 120—125 күн. Гектарынан 180—200 түшүм жыйналат. Жаңы бойдон жакшы сакталат. Мускаттуу мадлен Кыргызстандын жүзүмчүлүк зонасында өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.