Муслимов Аннас Поясович
Муслимов Аннас Поясович (4. 9. 1936-жылы туулган, Фрунзе) – техника илимдеринин доктору (1989), профессор (1990). КРдин Элге билим берүүсүнүн отличниги (1998), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (2006). Калинин атындагы Ленинград политехникалык институтун (1960), Москва станок куруу институтунун аспирантурасын (1966) бүтүргөн. 1960-жылдан «Ташсельмаш» заводунда инженер-конструктор. 1966-жылдан ФПИде улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, 1990-жылдан КТУда профессор Машина жана прибор курууну автоматташтыруу тармагы боюнча адис. 1250дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинен 5 монография, 48 ойлоп табуу жана патенти жарык көргөн. Эмгектери: Теоретические основы, методы автоматического контроля, управления качеством продукции и разработка комплекса приборов. М., 1990; Теоретические основы и методы контроля радиального смешения центра масс изделий типа тел вращения. М. 1996.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7