Мусрепов Габит Махмутович
Мусрепов Габит Махмутович [9(22). 3. 1902, азыркы Түндүк-Казакстан облусу, Жамбыл району, Жаңы-Жол айылы – 1985, Алматы] – казак жазуучусу жана коомдук ишмер, Казак ССР ИАнын академиги (1958), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). Омскидеги айыл чарбаинститутунда окуган (1926–27). Чыгармачылыгы 1926-жылдан башталган. «Туйлаган толкунда» аттуу туңгуч повести (1928) граждандык согуш окуяларын баяндайт. 20-жылдардын аягы – 30-жылдардын башында очерк, аңгеме циклдерин («Көк үйдөгү кошуналар», «Туннель», «Жеңилген Есрафиль», «Үзгүлтүксүз өсүш» жана башкалар) жана «Алгачкы адамдар» повестин, эне жөнүндө новелла циклин («Эне», 1934) жараткан. 40–50жылдарда Улуу Ата Мекендик согушту баяндаган «Казак солдаты» (1949), казак жумушчулары тууралуу «Ойгон өлкө» (1953) романдарын жазган. Мусрепов – «Кыз Жибек» операсынын либреттосунун (1935), «Козу Көрпөш-Баян сулуу» (1939), «Ахансере-Актокты» (1942) пьесаларынын автору. Мусрепов кийинчерээк кайрадан аңгеме, новелла жазууга өтүп, «Ооба, бул – анын изи» (1962), «Турмуш чакырыгы» (1963) сыяктуу аңгемелерди жаратты. «Бир жолу жана өмүр бою» повести (1967) үчүн Абай Кунанбаев атындагы Казак ССР мамлекеттик сыйлык алган (1970). Чыгармалары чет элдердин тилдерине, ошондой эле кыргыз тилине да которулган. Үч Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7