Мустафа Чамран

Мустафа Чамран مصطفی چمران түзөтүү

Исламдын улуу аскер башчысы Мустафа Чамрандын керээзи:

“Мен сүйүү үчүн ѳзүмдү курмандыка чаламын, мен сүйүү үчүн жашоонун кызыкчылыгына кайдыгермин, бирок жашоонун башка көз караш, кубулуштарына жетем. Мен дүйнѳнүн сулуулугуна суктанам жана сүйүү үчүн сулуулукту жакшы кѳрѳм. Сүйүүнүн күчүнѳн Жаратуучуну сезем жана ага сыйынам, менде болгон бар нерсени ага курмандыка чалам. Сүйүү менин жашоомдун мааниси жана деми. Сүйүүдѳн сулуу нерсе таппадым жана андан артык эч нерсе каалабайм. Жалгыз сүйүү менин жан дүйнөмдү дүбүрткѳ салат, жүрѳгүмѳ дем берет, менин артыкчылыгымды кѳргѳзѳт жана ѳзүмчүлдүктѳн куткарат. Сүйүүнүн күчү менен башка дүйнѳнүн бардыгын сезем, ааламга сиӊип, назик сезим жана эстетикалык кѳз карашка жетем. Жалбырактын желбиреши, жылдыздын нуру, кѳрүнбѳгѳн кумурска, таӊкы мээлүн жел, кѳлдүн толкуну, күндүн батышы менин сезимимди ойготуп, рухумду башка дүйнѳгѳ алып учат... мунун баары сүйүүдѳн. Мен ѳлүмгѳ даярмын. Бул табигый кѳрүнүш, мен ал менен мурун эле таанышмын. Бирок биринчи жолу эскерип жатам. Мен бул жолдо шейит кетип жатканыма кубанамын. Бул дүйнѳнүн жана анда болгон нерседен кол үзгѳнүмѳ сүйүнѳмүн. Мен ага ѳзүмдү байланганымды сезбеймин. Мен бардык азгырыктарга алданганым жок, чектѳѳлѳрдѳн арылдым жана ачык алакан менен ѳлүм алдына баратам”.

Мустафа Чамрандын мындай жогорку үлгүдѳгү өзүн курмандыкка чалуусун сѳз менен сүрѳттѳѳ мүмкүн эмес. 2010-жылы 21-июнда Мустафа Чамрандын шейит кеткен күнү, ал айтканын аткарган толук шейиттиктин жана жихаддын үлгүсү болгон.

Өмүр баяны түзөтүү

Доктор Мустафа Чамран 1932-жылы Тегеранда жарык дүйнѳгѳ келген. Ѳзүнүн окуусун Интесария мектебинен баштап, кийинчерек Дар аль фунун жана Албурз мектептерин аяктаган. Тегеран Университетинин техникалык институтуна тапшырган жана 1957-жылы электромеханикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган. Бир жылдан кийин техникалык институтта сабак берип баштаган. Ал ар дайым “эӊ жакшы” деген баага окуган. 1958-жылы Америка Кошмо Штаттарына жакшы окугандар менен кошо ѳкмѳттүн гранты менен жиберилген. Беркли Калифорния университетинде дүйнѳнүн атактуу илимпоздорунун чѳйрѳсүндѳ, электроника жана плазма физикасында докторлугун жактаган. Америкада ѳзүнүн бир канча досторунун жардамы менен ислам студенттик коомун түзгѳн. Ал Калифорниядагы иран студенттеринин коомун түзүүчүлөрдүн бири болгон, бирок бул иши аркылуу шах режиминин стипендиясынан кол жууп калган. 1963-жылы 5-июндагы кандуу көтөрүлүштөн соң жана Ирандын мусулман элинин Имам Хомейни баштаган алгачкы күрөшүнүн бөгөтүнөн улам, доктор Чамран тагдырын сыноого салган. Өзүнүн пикирлеш достору менен бирге Египетке сапар алган, ал жерде Гамал Абдул Насирдин өкмөтүнүн кол алдында эки жылча партизандык күрөштүн ыкмаларын окуган. Ал курстун үлгүлүү катышуучусу саналып иран партизандарын окууту тапшырылган. Абдул Насир дүйнө салган соң, иран жигиттеринин жеке партизандык базасын куруу маселеси курчуган. Доктор Чамран Ливанга сапар алып, ал жерде жогоркудай база ачат. Муса Садра жана Ливан шииттеринин жардамы менен “Амал” уюмун ислам принциптери жана ишеними менен негиздейт, оң жана сол тараптуу душмандардын тузактарынын ичинен, Аллахка болгон ишенич жана шейиттик өлүмдүн куралына таянып ислам төңкөрүшүнүн чыныгы окуусун ишке ашырат. Имам Алиге окшошуп өлүм менен жашоону тандоодо кулач жайып коркунучка карай, оккупациялык сионистерге жана деспоттук тирандарга каршы шиизмдин желегин желбиретип багыт алат. Ал өзүнүн аркасында, жалындап күйгөн Бейруттан карай, оккупациядагы Палестина чек арасынын Жабал Амел бийик тоосуна чейин баатырдык элес таштап азыркыга чейин зулумга кабылган шииттердин жүрөгүндө сакталып келет. Анын чыныгы жан аябай шейиттик таза канга малынган күрөшү Палестина чек арасынын тоо жакасында куйкалаган күндө туш келген. Доктор Чамран 23 жыл өткөн соң Ирандагы ислам төңкөрүшүнүн шарданы менен туулуп өскөн жерине кайтып келет. Аркасында төңкөрүштүк жана илимий тажрыйбаны топтоп, иран төңкөрүшүнө кызматын баштайт, мамлекетти курууну колго алып, өзүнүн күчүн, акылын Ислам төңкөрүшүнүн сакчыларынын корпусун тарбиялоодон баштайт. Кийинчерек премьер министирдин төңкөрүш маселеси боюнча орун басары ордунда Курдстан маселесин чечүүдө өз жанын курмандыка чалып, чыныгы баатырлыктын, темирдей эркти иран ирак согушунда “Паве” түнүндѳ көрсөтөт.

Тайманбаган баатырдык касиети түзөтүү

Паве каргашалуу түнүндө болгон үмүт үзүлгөн. Бир канча жарадар, чарчаган ислам төңкөрүшүнүн сакчылары куралдуу душмандын курчоосунда калган. Алардын көбү массалык түрдө атылып кеткен. Бүткүл шаар душмандын кол алдына өткөн. Душман армиясы мүнөт сайын жакындап келе жатты. Замбирек, октун добушу жаңырып толук кыйроого аз калган. Бирок доктор Чамран өзүнүн эр жүрөктүүлүгү, курмандыгы менен каргашалуу түндү жеңиштүү таңга айландырган. Ал жарадар өлүмгө моюн сунган жоокерлерди жана жеңилүүгө дуушар шаарды сактап калган. Ошол учурда имам Хомейнинин төңкөрүштүк буйругу чыккан. Анын натыйжасында бир күндүн ичинде армия Паве аймагына баруу буйругу берилген. Аймактагы буйрук доктор Чамранга жүктөлгөн. Төңкөрүштүн эр жүрөк жоокерлери, сакчылар жана армия кызматкерлер амалды ишке ашырууга өткөн. Чамрандын толук төңкөрүштүк тажрыйбасы, ишеними, эр жүрөктүүлүгү, кайтпастыгы жана план, стратегиясы он беш күндүн ичинде ислам төңкөрүшүнүн жоокерлери аркылуу душман басып алган шаар аймактарын бошотуп алышкан. Курдстан коркунучтан куткарылган жана мусулман курд эли бул жеңишти ыраазычылык менен тозушкан.

Чамрандын жеңишинен кийин түзөтүү

Доктор Чамран мыкты жеңиштен соң Тегеранга чакыртылган, ал жерден төңкөрүштүн улуу лидери имам Хомейни тарабынан коргоо министири болуп дайындалган. Жаңы жумуш ордунда Пехлеви режиминен калган армиянынын системасында толук өзгөртүүлөрдү жасаган. Ал армиянын системасын тазалаган жана Кудайдын күчү менен, төңкөрүштү, мамлекеттин коопсуздугун жана көз карандысыздыгын сактап калган жаңыча реформаларды ишке ашырган.

Активдүү саясий ишмердүүлүгү түзөтүү

Доктор Чамран ислам межлисинин алгачкы шайлоосунда Тегеран округунан депутат болуп шайланган. Ал болгон аракетин жаңы мыйзамдарды жана жаңы төңкөрүштүк системаны киргизгенге күч жумшаган, эски армия структурасын төңкөрүштүк системага айлантып татыктуу ислам армиясын түзүүгө аракет жасаган. Парламентке өткөн соң эл өкүлү катары Аллахка төмөндөгүдөй ыраазычылык билдирген: «Ээ кудай! Адамдар мага ушунчалык боорукер, мен уялып жатам, мен өзүмдү бул боорукерликти актаганга татыктуу сезбеймин. Ээ кудай! Элдин ушундай мага болгон сүйүүсүн актаганга күч жана мүмкүнчүлүк бер». Ал кийинчерек ислам төңкөрүшүнүн лидеринин жогорку коргоо советинде өкүлү болуп дайындалган жана армиянын иштерин дайым текшерип турган. Хузистанда анын айланасына көптөгөн ыктыярчылар чогулган. Бул күчтөрдү тарбиялап жана уюштурган соң Ахвазда аскер штабын түзгөн. Акырындап бул күч топтолуп жеңишке өзүнүн чоң салымын кошкон. Бир гана жакындан көргөндөр ал процесстерге аралашкандар, жеңиштин жана жеңилүүнүн, эрктин жана эр жүрөктүүлүктүн даамын татышкан. Чамран алгачкы күндөн тартып толук өзгөртүүлөрдү ишке ашыра баштаган, армия, сакчылар корпусу жана ыктыярчылар күчүнүн ортосунда ыраттуулукту түзгөн. Бул саясаттын, эл согушунун интеграциясынын натыйжасы дүйнөлүк державалардын оюна келбеген жаңы тактикага айланган. Тилеке каршы, Хуррамшахда бул тактика ишке ашпай калган, элдер душман менен жападан жалгыз салгылашта калган. Чамран бир канча ирет 200 миңге чейин күч топтоп Хуррамшахка жиберген, алар жергиликтүү эл менен бирге душмандын мизин кайтарууга жигердүү салым кошкон. Күчтүү ислам аскер башчысынын шейиттик өлүмү бир гана Хузистан эли үчүн эмес, бүткүл Иран мусулмандары, ал гана эмес Ливан шииттери үчүн баа жеткис жоготуу болгон. Иран эли аны акыркы сапарга Ахваздан баштап Тегеранга чейин чогулуп узатышкан. http://parstoday.com/ru/radio/programs-i31189 https://fa.wikipedia.org/wiki/%D9%85%D8%B5%D8%B7%D9%81%DB%8C_%DA%86%D9%85%D8%B1%D8%A7%D9%86 ّАскердик күч