Мустафа Чокай, Мустафа Чокой (Чокаев, Чокай-оглы); (25. 12. 1890, Түркстан генерал-губернаторлугу, Олуя-Тарангыл айылы – 27. 12. 1941, Берлин) – коомдук-саясий ишмер; бирдиктүү жана эгемен Түркстан мамлекетин куруунун идеологу. Перовск (азыркы Кызыл-Ордо) орус-тузем мектебин (1902), Ташкенттеги гимназияны (1910), Санкт-Петербург университетинин юридика факультетин (1916) алтын медаль менен бүтүргөн. Россиянын IV Мамлекеттик думасынын Мусулмандар фракциясынын секретары (1913–17), О. Азиядагы 1916-жылдагы көтөрүлүштүн (к. Үркүн) себебин аныктоо боюнча комиссияда секретарь жана тилмеч болуп иштеген. 1917-жылы Ташкент шаарында демократиялык маанайдагы «Бирдик Туусу» («Бiрлiк Туы»), «Эркин Түркстан» («Свободный Туркестан») гезиттерин чыгарууну колго алган жана алгачкылардан болуп бардык түрк тилдүү элдер өз алдынча мамлекетке биригиши керек деген идеяны көтөрүп чыккан. 1917-жылы апрелде Түркстан Улуттар совети түзүлүп, Мустафа Чокай анын Туруктуу аткомунун төрагалыгына шайланган. Бүткүл кыргыздардын (казактардын) 1-съездине (1917, 21– 28-июль), Бүткүл россиялык Уюштуруу жыйынына, Бүткүл россиялык мусулмандардын 1съездине катышып, ошол жылы августта Убактылуу өкмөттүн Түркстан комитетинин мүчөсү болуп дайындалган. Бүткүл мусулмандардын чукул чакырылган 4-съездинде жарыяланган (1917, 27ноябрь) Кокон автономиясынын тышкы иштер министри, анан өкмөт башчысы болуп калган. Кокон автономиясы талкалангандан кийин кандуу террор жүргүзгөн большевиктерди колдоодон баш тарткан М. Ч. Ташкентке, кийин Кавказга келип (1919), «Сыртта» («На рубеже») журналынын редактору болуп иштеген. 1921-жылы февралда Закавказье демократиялык республикасы жоюлуп, М. Ч. Түркияга кетүүгө аргасыз болгон. 1927-жылы Стамбулдан «Жаңы Түркстан» (1931-жылы чейин чыккан), 1929-жылы Берлинде «Жаш Түркстан» (1939-жылы чейин чыккан) журналдарын чыгарган. Ал Түркстан Улуттар Союзун (Union Nationale du Turkestan) жетектеп, большевиктердин Түркстанда жүргүзгөн саясатын тынымсыз европ. басма сөз бетине [мисалы, The Journal of Royal Central Asian Society, The Asiatic Review (Лондон), Orient et Occident, Revue du Promethee (Париж), Wschod (Варшава) жана башкалар] жарыялап турган. 1941-жылы 22-июнда Гитлердин буйругу менен камакка алынып, бирок кызматташуудан баш тарткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү