Мусулмандар бюросу(1919–20) – Түркстан крайындагы мусулмандардын мүдөөсүн коргоо үчүн уюшулган крайлык к-ттин атайын бөлүмү (Краймусбюро). Иш жүзүндө Түркстан АССРинде большевиктердин бийлигин чыңоо үчүн түзүлгөн. Анткени Кокон автономиясынын (ноябрь, 1917 – февраль, 1918) түзүлүшү жана кулашы мусулман крайында алардын кадыры абдан алсыз экенин көрсөткөн. 1919-жылы 6-апрелде Түркстан КП Крайкому «Мусулмандар бюросу жөнүндө жобону» бекитип, 7-июлда «Мусулмандардын коммунисттик секциясы жөнүндө жобону» иштеп чыккан. Төрагасы болуп Т. Рыскулов, мүчөлүгүнө Ю. Алиев, Ю. Ибрагимов, А. Мухитдинов, Н. Хожаевдер шайланган. Мусулмандар бюросу крайдагы өзгөчө абалды эске алуу менен жерг. элди партияга тартуу, айыл-кыштактарда партиялык ячейкаларды ачуу, эл чарба жана аскер кадрларын даярдоо сыяктуу иштерди аткарып, өз алдынча «Иштирокиюн» («Коммунист», кийин «Кизил байрок», азыркы «Узбекистон овози») деген гезит чыгарышкан. Бирок мусулмандар бюросу Түркстан компартиясын жападан-жалгыз жетекчи орган катары таануудан баш тартып, крайдагы этностук татаал абалды эске алуу менен «Түрк республикасы», «Түрк компартиясын» түзүүнү сунуш кылган. Мындай абалда РСФСР ЭКС БАК тарабынан 1919-жылы 8-октябрда Түрккомиссия (төрагасы шаары Элиава) түзүлүп, мусулмандар бюросунун ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлгөн. Анын негизинде Крайлык 5-партконференциянын (январь, 1920) чечими менен мусулмандар бюросу Түрстан Компартиясына бириктирилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү