Молдобасан Мусулманкулов

Мусулманкулов, Молдобасан‎»‎ барагынан багытталды)

Мусулманкулов, Молдобасан (1883–1961) - төкмө акын, манасчы. Ак-Талаа районундагы Терек айылында 1883-жылы туулган. Он жети жашынан уйкаштырып ыр чыгарып, өзүнүн ырларын аткара баштаган. Жетилген курагында кенже эпостордун айтып, кийин манасчы катарында таанымал болгон.

Отузунчу жылдардын башында М.Мусулманкулов «Салтанат» поэмасын жаратат.

1932-жылы аны Нарын радиосуна ырчы катарында чакырышкан, 1933-жылы Кыргыз драма театрына ырчы катары кабыл алышкан, ал эми 1936–1952-жж. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында ырчы болгон.

1922-жылы фольклор жыйноочу К.Мифтаков Молдобасан Мусулманкуловдун айтуусу боюнча «Курманбек», «Жаныш-Байыш» кенже эпостору «Манас» үчилтигинен «Семетейди» айтуусу, 1926-жылы «Эски кошоктор», 1930-жылы «Салтанат» дастаны жазылып алынган. 1935–1936-жж. «Асан жана Күлбара», «Баатыр-Осмон», «Акылдуу кыз жана каардуу хан» сыяктуу кыргыз эл жомокторунун классикалык үлгүлөрү катарында эсептелген чыгармалар жазылган. М.Мусулманкуловдун айтуусу боюнча макал, ылакап, легенда, байыркы замандан калган жомоктор жазылып алынган. «Ыр жыйнак» деген ат менен 1962-жылы чыккан китептеги көптөгөн оригиналдуу чыгармалардын автору.

Кыргыз АССРинин Эл артисти (1935-ж.).

1939–1958-жж. Москвада өткөн кыргыз адабиятынын жана искусствосунун он күндүгүнүн катышуучусу.

1947-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

«Эмгек Кызыл Туу», эки жолку «Ардак белгиси» ордендери, «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «1941–1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиши үчүн» медалдары, Кыргыз ССР ЖСнын Ардак грамотасы менен сыйланган.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 55 б.

Молдобасан: Ырлар жана дастан. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 163 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү