Муталиев Хажи-Бекир Шовхалович
Муталиев Хажи-Бекир Шовхалович (20. 6.1910, Россия, Тер облусу, Экажев кыштагы – 11. 9. 1964, Грозный шаары) – ингуш акыны. Ингуш поэзиясын негиздегендердин бири. Чыгармалары 1920-жылдардын 2-жарымынан жарыялана баштаган. «Маданият жоокерлери», «Канга – кан, жанга – жан» деген пьесаларында жаңы менен эскинин күрөшү чагылдырылган. «Эне менен кыз», «Большевиктер келет» аңгемелери менен «Жаңы коноктор», «Апаат күндөр» поэмаларында өзгөргөн турмуш, келечекке умтулуу көрсөтүлөт. М. өмүр, табият жөнүндө ой жүгүрткөн ырлардын («Мейманым», «Жыгач кесе», «Өз айлымда» жана башкалар) автору. Айрым чыгармалары чет элдердин тилдерине, анын ичинен кыргызчага да которулган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7