Муундар – омурткалуулардын сөөктөрүнүн (же кемирчектеринин) бири-бири менен кыймылдуу жана кыймылсыз бириккен жерлери. Муундар түзгөн сөөктүн учу кемирчек менен капталып, анын бети өтө жылмакай болот. Муундар түзө турган сөөктөрдүн учтарынын бири ойдуңча, экинчиси урчук сымал келип, бири-бирине ашташып, сыртынан жаргак сымал чел кабыкча менен капталган. Кабыкчанын ичи муундар көңдөйүн түзөт да, анын ичи бир аз шилекей сымал суюктук менен толгон. Ошондуктан муундар ар кандай татаал кыймылдарды жеңил аткарат. Эки сөөк кошулган жер – жөнөкөй (ийин, жамбаш), бир нече сөөк бириксе татаал (чыканак, тизе) муундар деп аталат. Ар бир муундар кабынын сыртында муундар байламталары болот. Алар муундарды ажыратпай кармап турат. Муундар кабы сырткы жана ички чел кабыкчасынан турат. Ички чел кабыкчада көп сандаган кан тамырлар жайгашкан. Ички чел кабыкчасы бөлүп чыгарган суюктук кыймыл учурунда муундар түзүүчү сөөктөрдүн ашташкан беттеринин ортосундагы сүрүлүүнү жоготуп, жеңил кыймылдоого шарт түзөт. Ашташкан сөөктөрдүн санына, муундар беттеринин формасына жана муундардагы кыймыл окторунун санына жараша муундар ар кандай түргө бөлүнөт. Муундар беттери тоголок, эллипс, цилиндр жана башка формада болот. Цилиндр формасындагы муундар бир гана кыймыл огунун айланасында, эллипс формасындагы эки, ал эми тоголок (шар) формасындагы муундарда үч кыймыл огунун айланасында кыймыл жасоого болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү