Муун алмашуу омурткасыз жаныбарларда – бири бири менен морфологиялык жана физиол. өзгөчөлүктөрү, жашоо-тиричиликтери жана көбөйүү жолдору боюнча айырмаланган тукум муундарынын алмашуусу. Муун алмашуунун метагенез жана гетерогония жолдору бар. Метагенез – жыныссыз көбөйүүдө эки же андан көп муундун алмашуусу. Мындай муун алмашуу айрым жөнөкөйлөрдө – ичеги көңдөйлүүлөр, курттар жана кээ бир хордалууларда байкалат. Гетерогонияга – түрдүү жыныс формаларынын муун алмашуусу мисал болот. Ал көпчүлүк жалпак жана жумуру курттарда жана башкалар. кездешет. Өсүмдүктөрдө муун алмашуу – өнүгүү циклинде бир эле өсүмдүктүн эки тукумунун бирөө жыныстык көбөйүү органын (гаметофит), экинчиси жыныссыз көбөйүү органын (спорофит) пайда кылат. Ал – көпчүлүк татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн (жөнөкөй түзүлүштүүлөрдөн балырларда гана) касиети. Папоротник, кырк муун жана башкалар. жыныссыз муун спорофитте споралар пайда болот. Споралар шамал аркылуу таралып, алардан жаңы жыныс мууну өөрчүйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү