Муун (лингвистика) - бир жолку дем чыгаруу менен айтылган бир же бир нече тыбыш муун деп аталат. Тилдеги эң кичине айтым бирдиги.

Кыргыз тилинде муунду үндүү тыбыштар түзөт, т.а., ар бир муундун борборунда үндүү турат. Ошондуктан сөздө канча үндүү тыбыш болсо, ошончо муун болот. Үндүү тыбыш жеке туруп да, үнсүздөр менен тутумдаш туруп да муунду түзө алат .

Муун түрлөрү түзөтүү

Кыргыз тилинде муундун 3 түрү бар :

  • Ачык муун-үндүү менен бүткөн же бир гана үндүүдөн турган муун .М :суу ,куу ,а-та ,э-не,ба-ла , о-ро-мо .
  • Жабык муун-үндүү менен башталып ,үнсүз менен аяктаган муун .М:ат ,эт ,от ,,ал ,ил ж.б.
  • Туюк муун-үнсүз менен башталып ,үнсүз менен аяктаган муун .М:кат,жат ,бат ,көк-төм ,бат-как ж.б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4