Мухаммас (ар. – бештик) – Чыгыш поэзиясындагы куплеттери беш саптан турган ыр формасы. Биринчи куплеттин беш сабы уйкашып (схемасы: а-а-а-а-а), кийинки куплеттердин акыркы саптары биринчи куплет менен уйкашат (схемасы: б-б-б-б-а, в-в-в-в-а). Бул форма элегиялык мазмундагы ырларды жазууда көбүрөөк колдонулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004