Мушкетов мөңгүсү — Борб.Теңир-Тоодогу бутактанган татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Сарыжаз жана Адыртөр кырка тоолорунун тутумдашкан жеринен башталып, чыгыштан батышка карай созулуп жатат.

Уз. 20,5 км, туурасы 1500–1800 м, аянты 75 км2, калыңдыгы 250 м. Эки кырка тоонун арасындагы кууш өрөөндө жайгашкан. Башы деңиз деңг. 5440 м, этеги 3440 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4150 м, тескей беттерде 3950 мге чейин төмөндөп, күнөстүү беттерде 4400 мге чейин көтөрүлөт. Бети өңгүл-дөңгүл, чуңкур, жал, жаракалар менен өтө тилмеленген. Этегинин 5 кмдей жери морена катмары менен туташ капталган. Мезгил-мезгили менен алдыга тез жылып кетүүчү мөңгүлөрдүн катарына кирет.

Акыркы жолу 1957-ж. алдыга жылган (2450 мге). Мөңгүдөн Сарыжаздын сол куймасы Адыртөр суусу башталат. Мөңгү Орто Азияны изилдөөчү орус геологу И. В. Мушкетовдун ысымынан аталган.

Колдонулган булак түзөтүү