Мушмула (Mespilus) – роза гүлдүүлөр тукумундагы күбүлмө жалбырактуу өсүмдүк уруусу. 1) – герман мушмуласы же кадимки мушмула (М. germanica). Бийиктиги 3–6 м дарак же бадал. Балкан жарым аралында, Кичи Азия, Иранда, КМШ өлкөлөрүндө – Кавказ, Крым, Түркмөнстанда өсөт. Бутагы тикендүү, эгилме мененыкы тикенсиз. Жалбырагы сүйрү, ланцет сымал, гүлү ак, чоң, жалгыздан жайгашат. Мөмөсү тоголок, катуу, ширелүү. Мөмөсүндө 10% кант, 1,1% алма кислотасы, 1,6–15,8% С витамини болот. Мөмөсү жаңы жана туздалгандан кийин желет. Пастила, шарап жасалат. Балдуу өсүмдүк. И. В. Мичурин өзүнүн ликёр четини менен герман мушмуласын гибриддештирип, сапаты жакшы, десерттүү четин – Мичурин четинин чыгарган; 2) субтропик же Япон мушмуласысы (Eriobotrya japonica) – субтропиктик дайыма жашыл дарак же бадал. Бийиктиги 6 мдей. Жалбырагы сүйрү, гүлү майда, жыттуу. Мөмөсү ширелүү, кычкыл, саргыч. Жапайы түрү Кытайда, Индиянын түндүгүндө жана башкалар. кездешет. КМШ өлкөлөрүндө Кавказ, Крым, Борбордук Азияда өстүрүлөт. Мөмөсүнөн компот, кыям жана башка кайнатылат; ошондой эле кооз өсүмдүк катары парк, гүлзарларда өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү