Муштумчалуу механизм
Муштумчалуу механизм — кыймылдуу эки бөлүгү муштумча м-н түрткүчтөн, кыймылсыз бөлүгү таягычтан турган механизм.
Муштумчалуу механизмдин артыкчылыгы — жетелегич белүктүн муштумчанын) үзгүлтүксүз кыймылында, жетеленме бөлүктүн (түрткүчтүн) бардык керектүү кыймылын аткарышы. Жумушчу органдын тага ал кыймылын кайталоодо, мис., трикотаж машиналарында, кыймыл эки муштумчадан турткүчкө берилет. Муштумчалуу механизм жыйнактуу болгондуктан, ал машиналардын жалпы схемасына оңой туташтырылат.
Муштумчалуу механизмдин кемчилиги— бири бирине сүрүлүп турган кинемакиакалык жуптардын өтө тез жешилиши ж-a чоң ылдамдыкта алардын бири биринен ажырап кетиши. Желүүнү азайтыш үчүн Муштумчалуу механизмдин звенолору жог. сапаттуу болоттон жасалат, сугарылат ж-a тыкандык м-н иштетилет. Муштумчалуу механизм машина курууда (ичинен күймө кыймылдаткычта, газ бөлүштүргүч механизмде, металл кесүүчү станокто, машина-автоматта ж. б.) колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.