Муш кетти
Оюнчулардын саны 5—15 киши.
Оюнга даярдануу
түзөтүүБаары бир бирине жакын, тегерек болуп отурушуп, шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүОюнчулар бир бирине кызыктуу окуялардан айтышып, бир бирин күлдүрүшүп отурганда катышуучулардын бирөөсү кокусунан «муш кетти» деп айтып туруп жанында отурганын желкесине сол алаканын коюп, аны оң мушу менен урат. Калган оюнчулар дагы кезектери менен «муш кетти» дешип бир бирин урушуп чыгышат. Өз убагында «муш кетти» деп айталбай жана шеригин муштай албай калган оюнчу жыдыйт. Уттурган оюнчу жакшылап ырдап же бийлеп бергенден кийин оюн кайрадан башталат. Ошентип каалаган убакытка чейин улана берет. Жанылбай, өз убагында «муш кетти» деп кыйкырып шеригин муштаган оюнчу жеңүүчү болот.
Оюндун эрежеси
түзөтүүБир биринин баштарына катуу муштоого, ордунан турууга, ордун алмаштырууга, жылууга, оюнчуларды аралатып урууга болбойт.
Педагогикалык мааниси
түзөтүүОюн көңүл коюуга, кыймылдарды бат жана так аткарууга үйрөтөт.