Мыймыттар (Phylloscopus) — куштардын таранчылар түркүмүнүн кароолулар тукумундагы уруусу.

Phylloscopus trochiloides.

Узундугу 10—14 см, салмагы 5—12,5 г. Жон жагы күрөң же көгүш, боору саргыч, айрымдарынын көзүнүн үстүндо ачык түхтүү «кашы» болот. Европа, Азияда таралган. Африка жанa Түштүк Азияда кыштайт.

Уясы туюк келип, оозу бир жак капталында жайгашкан. Жерге, дарак же бадалдарга уялап, 4—8 майда тактуу ак жумуртка тууйт, ургаачысы 12—13 сутка басат. Мыймыттар май­да омурткасыздарды, кээде жемиштерди жейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.