Мыкаачы суусуАк-Талаа районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 45 км, алабынын аянты 504 км2, деңиз деңгээлинен орточо бийиктикте 2200 м. Төөкуйрук тоосунун түндүк капталынан Кара-Суу деген ат менен башталып, Маистан өтөгүнөн өткөндө соолуп барып, кайрадан булактардан куралып, босоголуу кууш нук аркылуу Нарынга куят. Негизинен жаан-чачын, кар жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 3–4 м3/сек; эң көбү апрель–майда, эң азы январдабайкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Кара-Суу, Жаңы-Тилек кыштагы бар.

Мыкаачы суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 45 км
бассейндин аянты 504 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Нарын облусу
Район Ак-Талаа району

Адабият

түзөтүү
  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2