Мыкый үкү (Strix aluco), (Linnaeus, 1758):

Strix aluco, juv
Strix aluco sylvatica

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Уялоо ареалы үзгүлтүктүү жана Европанын, Азиянын жана Түндүк-Батыш Африканын чегинде жатат, түндүктөн Норвегияга, Швецияга, Санкт- Петербургга, Ишимге чейин, түштүктөн Түркияга, Түндүк Иранга чейин, андан ары мыкый үкү Чыгыш Иранда жана Батыш Афганистанда жок да, чыгышты көздөй Түркстанда, Батыш Тянңшанда, Пакистанда, Индияда, Кытайда жана Кореяда кездешет . Кыргызстанда адатта Чаткал жана Фергана тоо кыркаларынын жаңгак токойлорунда, кээде Чүй өрөөнүндө кездешет . Кыш мезгилинде Гүлчөдө жана Өзгөндө кездешкендиги жөнүндө маалымат бар.

Жашаган аймактары түзөтүү

Токой канаттуусу, Кыргызстандын шартында эски жаңгак токойлорун артыксынтат.

Саны түзөтүү

Белгисиз. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Кыргызстанда көбөйүү убактысы аныкталган эмес. Казакстандын коңшу райондорунда көбөйүү маалындагы үндөр майдын аягында, ал эми июлдун башында уча алган балапандар белгиленген. 2-6 жумуртка тууйт, 30 күн басат, бир айдан кийин балапандар уяны таштайт да, көпкө чейин уялоо аймагында болушат . Азыгы ар түрдүү: майда сүт эмүүчүлөр жана канаттуулар, кээде сойлоп жүрүүчүлөр, жерде-сууда жашоочулар жана коңуздар, бирок негизги бөлүгүн майда кемирүүчүлөр момолойлор жана чычкандар, биздин шартта түркстан келемиши түзөт .

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Көңдөйлүү эски бактарды кыюу, негизги азыгы болгон кемирүүчүлөрдүн депрессиясы.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Белгисиз.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Мыкый үкү Сарычелек жана Падышата коруктарынын территориясында жашайт.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Токойлордун эски бөлүктөрүндө жасалма көңдөйлөрдү түзүү.

Статусу түзөтүү

VII категория. Least Concern, LC. Кыргызстанда Strix aluco harmsi ( Zarudny, 1911) түрчөсү жашайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү